Депутат Жылдыз Мусабекова жаш келинден тил уккан дарыгер Чолпон Рысбекова менен жолугушту
Бейтаптардын зордук- зомбулуктарына чыдабай бир ай ичинде жаш төрт дарыгер өз арызын жазып кызматын таштап кетишти. Себеби, аларга болгон үстөмдөк жогурулап, баласы ооруп келген ата-энелер кодулап, айрымдары аны адатка айлантып алды. Бул тууралуу
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. Эмгек акынын аздыгына карабай күнүнө жок дегенде 500 дөн 2000минге чейин ооруулуларды кабыл алышууда.
Жогорку Кенештин депутаты Жылдыз Мусабекова жакында эле жаш келин тарабынан катуу тил угуп, жаман абалга туш болгон дарыгер Чолпон Рысбекованы кабыл алды.
Белгилүү болгондой, апта башында баласы ооруган эне дарыгердин жазып берген дары-дармектерин туура көрбөй, ага акылга сыйбас жаман сөздөрдү айтып, чүрпөсүнүн ооруп калышына медайымды айыптаган. Алардын сүйлөшүүсү видеого тартылып, интернет айдыңынан кенен орун алды. Баласынын адресине айтылган каргыш сөздөргө ызалаган дарыгер Чолпон Рысбекова окуядан кийин арызын жазып, эмгек өргүүгө чыгып кеткенин айтты.
Ал Балдар ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө дарыгер болуп беш жылдан бери иштеп келе жатат. Маалыматка ылайык, жок дегенде эле дегенде күнүнө беш жүздөн ашуун бейтапты кабыл алууга туура келет. Эмгек акысы болсо айына 8900 сом. «Учурда жаш дарыгерлердин укуктары корголбой калды, мындай учурлар аябай көп кездешет. Көпчүлүк билимдүү жаштар чет өлкөлөргө кетип жатышат»,- дейт. Ч.Рысбекова.
Мугалим менен дарыгерлердин укугун коргоп, социалдык маселелерди байма-бай көтөрүп келген депутат Жылдыз Мусабекова дарыгер менен бул тармактагы көйгөйлөрдүн күнгөй-тескейин кеңири талкууга алды. Эл өкүлү алдыда мындай маселени көз жаздымда калтырбастан, мыйзам чегинде чечүү үчүн аткаруу бийлиги менен биргеликте иш-аракеттерди көрө тургандыгын билдирди.
Добавить комментарий ×