Депутат: "Жаңы айып пулдардын акчасын чогулта албай өкмөт элге уят болду"

16 января 2019 11:31 1296 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Кыргызстандын өкмөтү жаңы айып пулдары менен уят болду. Бул тууралуу бүгүнкү 16-январда болуп жаткан Жогорку Кенештеги жыйында депутат Бакыт Төрөбаев айтты.

Депутаттын айтымында жарым жылдан бери жаңы кодекстер жөнүндө айтылып келе жатат. Бирок ишке аша келгенде өкмөт өз алапайын таппай, кантип чогултарын билбей, элге уят болууда.

"Жаны айып пулдар боюнча механизмдер толук иштелип чыккан эмес. Райондук администрациялар тукүргөндөрдүн акчасын чогулта албай жүрүшөт. Өкмөт өзү чыгарган мыйзамды иштете албай элге уят болду же уят болгон жоксунарбы?-деди депутат өз сөзүндө. 

Эске салсак, бүгүн, 16-январда Жогорку Кеңештин жыйыны өтүүдө. Жыйында инвестициялык фонддордун иштеринин маселелери боюнча, “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоору, "Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” мыйзам долбоору жана башка маселелер талкууланып жатат. 

Күн тартипке ылайык, жыйында 9 маселе каралат.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-zhay-ajyp-puldardyn-akchasyn-chogulta-albaj-kmt-elge-uyat-boldu



Добавить комментарий