Депутат жапайы жаныбарлардын терилерин колдонгондор миллиондогон айыпка жыгылаарын айтты

3 октября 2018 17:45 1400 Barometr
Поделиться в:
ok

Депутат жапайы жаныбарлардын терилерин колдонгондор миллиондоп айыпка жыгылаарын айтты.

    “Илбирс жаныбарларынын тамагына айланган жаныбарларды да коргоо зарылчылыгы бар. Эгер бул жагына маани берилбесе, өз алдынча мергенчилик кылгандар тоо – текелерин, маралдарды, камандарды атып, өз кызыкчылыктарына пайдаланып жатышат. Каражат түшөт деп эле, алардын кырылуусуна алып келгенибиз туура эмес, - деген депутат Экмат Байпакбаев, - «валюталык мергенчиликке» чектөөлөр коюлуп, аларды атууга кеминде 10 жылдык мораторий киргизилиши зарыл" - дейт 

 Бул багытта даярдалып жаткан мыйзам долбоорунун маанисин түшүндүргөн эл өкүлү, - “Кыргызстан менен Тажикстанда гана чет элдик мергенчилерге уруксаат берүү оңой – олтоң иш болуп жатат”, - деп сынга алды.

Белгилей кетсек, дүйнөнүн 12 мамлекети биригип илбирс жаныбарын коргоо тууралуу атайын Бишкек декларациясын 2003 – жылы кабыл алган. Бул жыл сайын азайып бара жаткан илбирс тукумун сактап калуу маселесинин олуттуулугуунан кабар берет. Аталган жаныбарлардын акыркы эсептеги саны 200гө жетип – жетпейт.   

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-zhapajy-zhanybarlardyn-terilerin-koldongondor-milliondogon-ajypka-zhygylaaryn-ajtty



Добавить комментарий