Депутат өзү сабап койгон баладан кечирим сурап, ар тараптуу колдоого даяр экенин билдирди

14 марта 2023 13:04 1000 Barometr
Поделиться в:
ok

Депутат Жаныбек Абиров күнөөсүн моюндап, кечирим сурады. Бул тууралуу эл өкүлүнүн соцтармактагы баракчасына жазылган маплыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Буга чейин, жаранды сабап койгон депутат коомчулуктун катуу сынына кабылган. Ал тургай, президент да бул чуулгандуу окуя тууралуу үн катып, эл өкүлүнүн кылыгын этикага жооп бербейт деп сыпаттап, укук коргоо органдарына эки тараптуу кароо тапшырмасын берген.

“Урматтуу кыргызстандыктар!

Мага байланыштуу окуяга баарыңыздар күбө болдуңуздар. Учурда укук коргоо органдары иликтеп жатат, мен алар менен кызматташып,  бардык керектүү маалыматтарды берүүгө даярмын. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даяр экендигимди жана болгон окуянын олуттуулугун толук түшүнүп жаткандыгымды баса белгилегим келет.

Мен эл өкүлү катары, кандай гана жагдай болбосун, эмоцияга алдырбашым керек болчу. Ооба, мен ката кетирдим, чоң күнөө мойнумда бар жана кырдаалды жөнгө салуу үчүн бардык күч-аракетимди жумшоого даярмын. Аргенден, анын үй-бүлөсүнөн, жакындарынан чын жүрөктөн кечирим сураймын жана бардык колдоолорду көрсөтүүгө даярмын. Ошондой эле окуяга байланыштуу кыргызстандыктарды жана жалпы шайлоочуларымды кабатырланткандыгым үчүн кечирим сурайм.

Апаларыбыздын жүрөгү эч качан оорубасын. Кечээги окуя болуп өткөн үчүн терең өкүнөмүн. Мени кечирип коюуңуздарды суранамын”, -деп жпзды эл өкүлү. 



Ссылка: https://barometr.kg/deputat-zhanybek-abirov-sabap-kojgon-baladan-kechirim-surap-ar-taraptuu-koldoogo-dayar-ekenin-bildirdi



Добавить комментарий