Депутат Улуттук банктын төрагасына: "5 млн ссудаңызды кечип коюп кантип уялбай кызматта олтурасыз"-деди
Депутат Абдывахап Нурбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кызматын өткөрүп берсин деди. Бул тууралуу депутат бүгүнкү парламенттин жыйында айтты.
Канча пайыз менен ссуда алдыңыз эле? Канча адамдыкы кечилген?-деген суроону берип баштап, 5 миллион 500 миң сом алынганын, башкалардыкы каралып жатканын билдирген төрагага "Уялбай кантип олтурасыз? Моралдык жактан уятыңызды сезсениз кызматыңызды өткөрүп бериниз"-деп кыйкырды.
"Мугалимдер 6 миң сом айлык алып, туугандарынан карызга акча чогултуп жүрөт. 200 миң сомдун тегерегинде эң көп айлык алып, мамлекет карызга батып жатканда 5 миллион сомду кечкенден уялдыңызбы?"-дедм депутат.
Ал эми Толкунбек Абдыгулов ал кезде өкмөттө иштеп жүргөндүктөн, бул кагазды өзү эсептен чыгарбагандыгын белгиледи. Ошондой эле айрым ссуда алган жөнөкөй кызматкерлердин дагы ссудасы эсептен чыгарылгандыгын кошумчалады.
Добавить комментарий ×