Депутат Тазабек Икрамов дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөт

8 октября 2019 21:19 3130 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов күрөш боюнча ардагерлер арасында дүйнө чемпионатында коло байге үчүн таймашат.

Ардагерлердин дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Грузиянын баш калаасы Тбилиси шаарында өтүп жатат.

Тазабек Икрамов грек-рим күрөшү боюнча 70 кило салмакта күч сынашып жатат.

Балбан-депутат 8/1 финалда венгриялык Золтан Шоллени 9:0 эсебинде утту. Ал эми чейрек финалда Финляндия балбаны Олави Лейто’ну да 9:0 эсебинде тоголотуп салды.

Жарым финалда Ирандык балбанга жеңилип калды. Эми коло байге үчүн түрк спортчусу Орхан Тикац менен кармашат.

Тазабек Икрамов Өнүгүү-Прогресс партиясынан VI чакырылыштагы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, чурда иштеп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-tazabek-ikramov-djn-chempionatynda-kolo-bajge-chn-krsht



Добавить комментарий