Депутат талибдерден качкан 347 афган кыргызын алып келүүнү сунуштады

15 июля 2021 13:23 1434 Barometr
Поделиться в:
ok

Биздин боордоштор Афганистандагы талибдерден качып Тажикстанга келген. Бул тууралуу «Кыргызстан» фракциясынан депутат Бейшеналы Нурдинов бүгүн, 15-июлда Жогорку Кеңештин жыйынында айтканын “Барометр” билдирет.

Ал Жогорку Кеңештеги президенттин өкүлүнөн мамлекет башчысына бул тууралуу маалымдоону жана аларды Кыргызстанга алып келүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү өтүндү.

“Алар Афганистандан араң качып чыгышты, эми андан дагы начар абалда калышты. Тез арада биздин кыргыздарга көмөк көрсөтүү керек”,-деди Нурдинов.

Эскерте кетсек, 13-14 июлда Афганистандын Бадахшан провинциясындагы Вахон уездине караштуу Андемин кыштагынын теги афган кыргыздары болгон 347 тургуну «Талибан» куралдуу тобунан качып Тажикстандын аймагына келген.

Азыркы учурда качкындар Мургаб районунун Кызыл-Работ айылындагы Чоштеппа жана Дуютук участокторуна жайгаштырылганын Тажикстандын чек ара кызматы кабарлаган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-talibderden-kachkan-347-afgan-kyrgyzyn-alyp-keln-sunushtady



Добавить комментарий