Депутат: Суракматов жакшы иштеп жатса, вице-мэр Бакыт Дүйшембиев аны шыйрактан кармап артка тартып жатат

18 октября 2018 10:32 1645 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер каралууда. Анда депутат Камчыбек Жолдошбаев Бишкек мэринин ишине ичи жылып жатканын айтты.

“Мурунку мэрлер 60тан ашык жолдорду тосуп коюп же оңдобой же аягына чыгарбай аябай чатак иш кылышчу. Суракматов мэр болуп келгенден бери ошол жолдордун кыркын жасады. Ошондой эле кээ бир күйүп кеткен жерлерге гүл өстүрүп жашыл чөптөрдү салып гүл бакчага айланталы деген жакшы үмүттөрү болуп жатат. Мурунку мэрлерге караганда мында жылыш бар. Кээ бирлери эми кыргызча чала сүйлөйт экен деп жатат. Бул курулушта жүргөн бала экен жаш энергиясы да бар муну пайдаланыш керек.  Ошол эле жерде вице-мэр Бакыт Дүйшембиев курулуш боюнча аны шыйрактан кармап артка тартып Бишкек шаарын жамандатып жатат. Ушул нерселерге көңүл буруп, премьер-министрге айтып койсоңуз” дейт Жолдошбаев.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-surakmatov-zhakshy-ishtep-zhatsa-vice-mer-bakyt-djshembiev-any-shyjraktan-karmap-artka-tartyp-zhatat



Добавить комментарий