Депутат: Соттордун айлыгын көтөрүп берели бирок, коррупцияга, саясатка аралашпасын

17 октября 2018 11:45 1865 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Умбеталы Кыдыралиев соттордун айлыгына кызыкты.

"Соттордун айлыктарын көтөрүп берели бирок, коррупциялык схемалар азыраак болсун" дейт  депутат.

 Депутат “Соттордун орточо эмгек акысы канча?” деп Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага кайрылды. Ал "Жогорку Сотто 40 миңге жакын, ал эми райондукт сотто 25 миңдин тегереги" деп жооп берди.

"Биз эл менен жолукканда сот системасына элдин нааразачылыгы абдан көп. Биз “Респубика-Ата журт” фракциясы шайлоого баратканда айтканбыз “сот системасын рефармоо кылыш керек деп” Бироок тилекке каршы бүгүнкү күнгө чейин реформа болгон жок. Ошондуктан нааразычылыктар көп болуп жатат. Сотторго кайрылбайсызбы силердин айлык маянаңарды 80, 100 миңге чейин көтөрүп берели бирок коррупциялык схемалар азыраак болсун. Экинчичи саясатка киришпесин. Ошондой сунуштар болбой жатат силер жактан”-деди эл өкүлү.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-sottordun-ajlygyn-ktrp-bereli-birok-korrupciyaga-sayasatka-aralashpasyn



Добавить комментарий