Депутат: "Самара Каримованы эки күндөн кийин жумуштан алып салышы министрдин адамкерчилигине жатпайт"

5 ноября 2018 11:15 1854 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Депутат Махабат Мавлянова ырчы Самара Каримованын музыкалык окуу жайдын директорлугуна кайра келишин каалады. Ал министрдин ырчыны эки күндөн кийин кызматтан алып салышын адамкерчиликке жатпайт деп белгиледи. Бул тууралуу депутат өзүнүн жеке фейсбук баракчасына жазды. 

Анда: "Мен ачыгын айтсам Самара Каримованы жакындан тааныбайт экем. Кол берип да көрүшө элекмин. Ар кандай булактардан, социалдык тармактардан  ырдап, чыгармачылыгын тартуулаганын көрүп калбасам..,. Бирок мен айтар элем, Самаранын Кудай берген талантын талаага таштабай өркүндөтүү үчүн күнү-түнү эмгектенип, мээнетин кетирип, элдин купулуна толгон ырлары, чыгармалары менен элден ыраазычылык алып жатканын, кааласаң каалабасаң да байкалып турат. Кээ бир жаштарга чайнап берсен да жуткулары келбейт. А Самаранын жетишкендиктери өзүнүн гана мээнеткечтиги, аракетчилдиги деп ойлойм. Мен билем, ар бир жетишкендиктин артында чоң талыкпаган эмгек турат.
Самаранын музыкалык окуу жайга жетекчиликке шайлануусун мен туура көрдүм эле. Себеби эмгекчил адам иш тажрыйбасы болбосо деле, ар кандай тармакта жыйынтык көрсөтө алат. Азамат Жаманкулов министр мырза кайра Самараны 3-4 күндөн кийин кызматтан алып салганы адамгерчиликке деле жатпай калды. Кайрадан Самара Каримованы аталган окуу жайга дайындашы керек деп ойлойм. Самара аталган окуу жайда сөзсүз жакшы жакка өзгөртүү жасай алмак"-деп жазды депутат. 

Эске салсак, ырчы Самара Каримова Оштогу музыкалык окуу жайга директор болуп дайындалды деген маалымат тарап, эки күндөн кийин маданият министрилиги ал дайындоону мыйзамсыз деп жарыялап кайра кызматтан алып салган. Мындай окуяга айрымдары министрди мактаса, кээ бири ырчы айымга жан тарткан. 

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-samara-karimovany-eki-kndn-kijin-zhumushtan-alyp-salyshy-ministrdin-adamkerchiligine-zhatpajt



Добавить комментарий