Депутат Сайдулла Нышанов: Алтынай Өмүрбекованын баяндамасын “жомок” деп сындады

3 октября 2018 15:30 1610 Barometr
Поделиться в:
ok

Учурда Жогорку Кеңеште "өкмөттүк саат" өтүп жатат. Анда билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо жана спорт бөлүгүндө Кыргыз Республикасында балдардын укуктарын ишке ашыруу жөнүндө маселе каралууда.

 Жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр Алтынай  Өмүрбекова жасаган баяндаманы депутат Сайдулла Нышанов "жомок" деп сындады.

"Алтынай Сейитбековна, сиздин берген маалыматыңыз жомоктордун эле бири болуп калды.  Бул жомок. Конкреттүү бир эч нерсе жок. Сиз  вице-премьер-министр болуп келгенде бир топ сүйүндүм эле. Тың кыз,  жакшы иштеп берет деп, мен сиздин позицияңызды эч түшүнбөй жатам” деди депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-sajdulla-nyshanov-altynaj-sejitbekovanyn-bayandamasyn-zhomok-dep-syndady



Добавить комментарий