Депутат президенттин учагынан уялам дейт
Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда (18-октябрь) депутат Таабалды Тиллаев президент Сооронбай Жээнбековдун учагы абдан эски экендигин жана ал үчүн уялаарын айтты.
Анын айтымында эл аралык талаптар ажобуздун учагы абдан эски экендигин тастыктайт. Анын үстүнө ал учактын россиянын "ТУ" үлгүсүндөгү учагы экенине нааразы.
Ал президентибиз өзүнүн жөнөкөйлүгүнөн улам кээде кошуна өлкөлөргө коммдук аба каттамдары менен учат, бирок бул жерде коопсуздук маселеси да бар экендигин белгиледи. "Өзбекстандын жана Түркиянын президенттерине учактарды белек кылышкан. Кийин Туркиянын президенти Катар эмири белек кылган учакты актады. Эгерде каржылоо болсо, биз да жаңы учак сатып алууну ойлонсок болот" -деди депутат.
Унаа жана жолдор министри Жамшитбек Калилов да депутаттын сөзүнө кошулуп, президенттин учагы чындыгында эски жана ал 1990-жылы чыгарылган экенин айтты. Бирок бул карабай учак учактын учуучу каражаттары жакшы абалда экенин да кошумчалады.
Эске салсак президент Сооронбай Жээнбеков Ошко, Москвага жана Нью-Йорктон Кыргызтанга болгон сапарларында кадимки эле эл аралык аба жолдорунун кызматтары менен колдонуп келет.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-prezidenttin-uchagynan-uyalam-dejt
Добавить комментарий ×