Депутат президентке кайрылып Өмүрбек Бабанов боюнча айкөлдүк кылуусун суранды
Парламентте “Ар кандай маселелер” каралууда «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Руслан Казакпаев Жогорку Кеңештеги президенттин өкүлү аркылуу президентке кайрылды.
“Сооронбай Шарипович, сиз 9-октябрдагы Таластагы иш сапарыңызда учурдун талабы болуп турган демилгени айттыңыз “Жакында буга чейин өкмөттү жана парламентти жетектеген инсандар менен жолугушуп алар менен ачык сүйлөшүүгө даярмын” деп айттыңыз.
Сиздин бул демилгеңизди кубаттайм. Президенттик шайлоонун өткөнүнө бир жыл өттү президенттик шайлоодо оппозициялык атаандашыңыз Өмүрбек Бабанов элдин 38 пайыз добушуна ээ болгон. Шайлоонун жыйынтыгын биринчилерден болуп таанып, айрым бузукулардын сөзүн укпай, өлкөнүн тынчтыгы үчүн чет жака чыгып кетти. Мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн депутаттык мандатын тапшырып, өз сөзүндө бекем туруп саясатка аралашкан жок. Менин президент Сооронбай Шариповичке болгон кайрылуумдун себеби жалпы эле партиялаштар жана баардык шайлоочулар суранып жатат калыс, айкөл бул маселени карап берсеңиз”-деди депутат.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-prezidentke-kajrylyp-mrbek-babanov-boyuncha-ajkldk-kyluusun-surandy
Добавить комментарий ×