Депутат Нурланбек Кадыкеев түндө Түркияда көз жумду

13 июня 2018 20:30 5910 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Кадыкеев  түндө Түркияда көз жумду. Бул кабарды "Кыргызстан" фракциясынын лидери Алмазбек Батырбеков билдирди. 

Маркум акыркы убактарда ашказан оорусунан жапа чегип,  Туркияга барып дарыланып  жүргөн. Бирок, маалыматка ылайык аны инфарктан каза болду дешүүдө. 

Фракциялашы Алмазбек Батырбековдун айтымында  Кадыкеевдин сөөгүн алып келиш үчүн жубайы жана туугандары учуп кетишкен. 

Кадыкеев 1970-жылдын 21-январында Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор кыштагында туулган.

2015-жылдын 4-октябрында "Кыргызстан" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Ага чейин 2005-жылдан 2010-жылга дейре "Манас" бажыканасынын начальниги болуп иштеген.

Маркум буга чейин Макеев деп аталган фамилиясын өз атасынын атына Кадыкеев деп өзгөрткөн. Ошондой эле экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин мүчөсү  болгон. 

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-nurlanbek-kadykeev-turciyada-kaza-boldu



Добавить комментарий