Депутат Никитенко коронавирус илдетинин жайылышына каршы күрөшүп жаткан милиционерлерге ыраазычылык айтты
Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымы, депутат Наталья Никитенко COVID-19 илдетине кабылган укук коргоо органдарынын 12 кызматкерине кайрылуу жолдоп, алардын азыркы учурда аткарып жаткан жооптуу милдеттерине ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Депутат бүгүн өлкө үчүн өзгөчө болгон ушундай мезгилде, пандемия кризисинин шарттарында иштеп жаткан укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн кесипкөйлүгүнө, кайратына өзүнүн ыраазычылыгын билдирди.
"Ант берүү менен, Сиздер укук тартибин жана биздин жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жоопкерчилигин гана эмес, өлкөнүн ар бир жаранынын ден соолугун жана укуктарын камсыз кылуу боюнча дагы жоопкерчиликти өз мойнуңуздарга алдыңыздар. Өзүңүздөрдүн антыңыздарды ушундай өзгөчө, дүйнөлүк пандемия сыяктуу шарттарда аткаруу керектигин эч ким билген эмес. Бардык көйгөйлөргө карабастан, биздин милиция, ички аскерлердин жана Улуттук гвардиянын жоокерлери өз милдетин жана антын намыстуулук менен аткарып жаткандыгын, Биз сыймыктануу менен айта алабыз.
Сиздердин ата – энеңиздер, бир туугандарыңыздар башкалардын артынан жашынбай, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин урматтап, биздин шаарлар менен айылдардын көчөлөрүндө тартипти, жарандардын ден -соолугун жана бейпилдигин камсыз кылып жаткан татыктуу уулдары жана жолдоштору менен сыймыктана аларына ишенем", - деди Никитенко.
Ошондой эле Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрайымың баштаган бөлүмдүн адистери коомдук коопсуздуктун сакчылыгында туруп, дартка чалдыккан аталган пагончондорго азык-түлүк түрүндө колдоо көрсөтүп, алардын абалынан кабар алышты. Мындан мурдараак, аталган комитет жумуш учурунда вирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине дагы ыраазычылык билдирген.
Добавить комментарий ×