Депутат: мугалимдерди, дарыгерлерди коргоо үчүн юридикалык борбор куруу керек
Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркы, адистик аброю тепселенип, көпчүлүк учурда алардын укуктары такыр корголбой калып жатканын айтты.
Депутат "бизде бейтаптын, ата-эненин гана сөзү чындык болуп, өз керт баштарын сактоо үчүн Билим берүү, Саламаттык сактоо министрлиги дарыгерди, мугалимди жумуштан айдап жиберип "Адам жок, маселе жок" деген принцип менен эле калышат" дейт. Чылпагын алымыш болуп көзүн чукуп салып, креслосун сактап отурган четтен чыгат.
"Эмнеге биз өз кызматкерлерибизди колдоп, коргобойбуз. Жаш адистер келбей жатат, айлыгы аз деген шылтоолорду айтасыздар. Биз — коом алар жумушка кире электе эле "иштегенди билбейт", "пара алат" деген шылтоо менен чүнчүтүп салдык. Өмүрүңдү ажалдан арачалап, "а" деген тамганы таанытып, аалымдын эшигин ачкандарга аяр мамиле кылууну унуттук. Тез арада Саламаттык сактоо жана Билим берүү министрлиги мугалим, дарыгерлерди коргоо боюнча юридикалык борбор ачып, аларды ар тараптан колдоо көрсөтүүнү киргизүү керек", — деди ал.
Мусабекова андан сырткары, буга чейин эч себепсиз кызматынан алынгандар жумуш ордуна кайтарылып, административдик жазалар кодексине штраф жана башка жазалар киргизилиши керектигин айтты.
"Дарыгерлер менен мугалимдердин укугун коргоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча эки министрлик иштиктүү иш алып барсын. Мен мыйзамдарды карадым, дарыгерлер менен мугалимдерге болуп көрбөгөндөй милдеттерди жүктөгөнбүз, бирок алардын ар намысы, кадыр баркы, адистик аброюна келгенде алакандай гана нерселерди жазып коюптурбуз", — деди ал.
Депутат тийиштүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча аталган министрликтерден сунуш келсе, Жогорку Кеңеш карап, колдоп берерин белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-mugalimderdi-darygerlerdi-korgoo-chn-yuridikalyk-borbor-kuruu-kerek
Добавить комментарий ×