Депутат Момбеков Кочкоровго: "Бизди баш көтөрбөгөн, жалтак, шорлуу парламент" депсиз. Эми ошол парламенттен колдоо сурап келдиңизби?"

25 октября 2018 16:35 1346 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

 "Жалгыз дарак бак болбойт. Жалгыз сиз менен өкмөттүн оңолуп кетишине ишенбейм. Буга чейин сиз маектериңизде "Жээнбеков чыныгы президент болсо, парламент тарашы керек" деген экенсиз. Бизди "баш көтөрбөгөн, жалтак, шорлуу парламент" депсиз. Эми ошол парламенттен колдоо сурап келдиңиз"-деди депутат Рыскелди Момбеков парламент жыйынында Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин талапкерлигин карап жаткан учурда. 

 “Улукбек Тойчубаевич, бийликти сындаган жагынан эч кимди алдыга салган жоксуз да. Бүгүн эми иштейм деп келдиңиз. Бийлик өзгөрдүбү же сиздин позицияңызбы?"-деп так кесе берип баштады суроону Момбеков. 

Буга Кочкоров: "Ар бирибиз сындарды туура кабыл алышыбыз керек. Мен да өз дарегиме айтылган сындарды туура кабыл алам. Буга чейинки сындар иштин кызыкчылыгында айтылган сөздөр болчу. Баарыбыз сыртта туруп алып, сын айтып отурбай, жапа тырмак аракет кылышыбыз керек. Мен эч кимди ортого салган жокмун. Мага да сунуш күтүүсүз болду. Премьер-министр кокустан эле чакырып, сунуштады. Айтып жүргөн сындарды ишке ашыруунун үстүндө иштейбиз"-деди. Былтыр да президенттик шайлоо алдында ар тараптан сунуштар түшкөн. "Бир кызматты сурап алып, бирөөгө эле жардам бербейсиңби" деп сунуштаган. Буга чейинки иштерге каршы болгом. Эки премьерибиз эмне болгонун көрдүңүздөр"-деп кошумчалады.



Ссылка: https://barometr.kg/deputat-mombekov-kochkorovgo-bizdi-bash-ktrbgn-zhaltak-shorluu-parlament-depsiz-emi-oshol-parlamentten-koldoo-surap-keldiizbi



Добавить комментарий