Депутат: "Мобилдик операторлордун ортосундагы байланыш жана интернет өтө кымбат"

27 сентября 2018 16:30 795 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында маселелер каралды. Депутат Алмазбек Эргешов мобилдик операторлордун ортосундагы байланыш жана интернет өтө кымбат болуп жатканын айтты.

“Бизде мобилдик операторлор ортосундагы чалуулар чет малекеттерге караганда өтө кымбат болуп жатат. Айлык акылары 10 эсе жогору турган Европа өлкөлөрүндө мобилдик операторлор ортосундагы чалуулар 1 сом. Ал эми бизде 3 сом 60 тыйындан сом 90 тыйынга чейин жетет. Бул биздин мобилдик оператор компанияларынын өз ара сүйлөшүп алып, койгон баалары. Ошону менен катар мобилдик интернет дагы коңшуларга салыштырмалуу 6 эсе кымбат. Казакстанда бир жылдык интернет үчүн 2 миң сом төлөшөт. Бизде 940 сом”,- дейт эл өкүлү.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-mobildik-operatorlordun-ortosundagy-bajlanysh-zhana-internet-t-kymbat



Добавить комментарий