Депутат Максат Сабиров өкмөттөн үмүтү үзүлүп баратканын айтты. Премьер жооп берди

12 февраля 2020 16:46 664 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров Акрам Мадумаров буга чейин түштүк тарапта акимден тарта облус башчылыкка чейинки кызматтарда иштеп, бирок ишинде ызы-чуулар болгонун айты эми анын вице-премьерликке сунушталып жатканына таң калганын билдирди.

Бүгүн депутаттар жалпы жыйында вице-премьерлик кызматка Акрам Мадумаровдун талапкерлигин карашты. Эл өкүлү аким, губернаторлор жергиликтүү элдин маселесин чечиши керектигин, анын ичинде чек ара маселеси дагы бар экенин айтты.

Премьер Мухаммедкалый Абылгазиев Акрам Мадумаровдун талапкерлиги жөн жерден тандалбаганына токтолду. Себеби чек ара маселесин жакшы түшүнгөн киши болсо иш дагы тездей турганын белгиледи.

“Маселени жеринен билген киши болушу керек. Бул киши ошол жерде өскөн, элдин муктаждыгын билет. Башка талапкерлер жаңы баргандан көрө бул киши иштесе батырак да болот, убакыт дагы үнөмдөлөт, эффективдүүда  болот”, — деди ал.

Депутат Сабиров Мадумаров чек ара маселесин чечип берсе жакшы иш кыла турганын билдирди.

Өз кезегинде өкмөт башчы ошондой болот деп үмүт кылып жатканын айтты.

Сабиров: - Эми сиз үмүт менен эле келе жатпайсызбы негизи.

Абылгазиев: - Үмүт менен жайшбызда.

Сабиров: - Сиз үмүт, үмүт деп жатып, үч вицеңиз кетти, өкмөттүн жарымы кетти. Биз дагы деле “ушул өкмөт иштеп кетер бекен деп үмүт менен келе жатабыз го.. Мен буга чейин айтып келгендей өзүңүз эле кетип калсаңыз жакшы болмок, улам бирөөнү алмаштыра бербей. Же убагында өкмөттү жакшылап түзүп келсеңиз болмок. Анан улам бирөөнө үмүт артып жатып, үмүттүн баары түгөнүп баратат.

Абылгазиев: - Эми үмүтүбүздү үзбөйлү, баарыбыз кайсы жерде болбосун үмүт менен жашайбыз да.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-maksat-sabirov-kmttn-mt-zlp-baratkanyn-ajtty-premer-zhoop-berdi



Добавить комментарий