Махабат Мавлянова: "Мамлекеттик ипотекалык компания кирешеден 180 млн сом алат. Аларды жойсок ипотека 2%га арзандайт"

9 февраля 2019 09:43 4012 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова мамлекеттик ипотекалык компанияны жабуу керек деген пикирин айтууда. Бул тууралуу депутат айым өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазды.

Мавлянованын айтымында:

"Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) ортомчулук гана функцияны аткарат. Мамлекеттен алынган каражаттын эсебинен жарандарга ипотекалык кредит берилет. МИК ортомчу катары  2% ипотеканын жылдык пайызынан алышат. 2 пайыз  180  млн сом өлчөмдө.  Анын ичинен 60-70 млн  каражатын МИКтеги  41 кызматкердин айлык акысын, алардын командировкасын, имараттардын арендасы ж.б. чыгашаларына иштетишет. МИКти жойсо, элге берилчү ипотекалык кредиттин жылдык пайызы дагы 2 пайызга томондойт. Мамлекеттик ипотекалык компанияны жабуу керек", -деп жазды.

Ал эми депутат айымдын сөзүн анын катталуучулары "бул жерде чоң коррупция бар экен", "карапайым калк кантип үйгө жетет, айлык акы болсо аз", "туура айтасыз, пайыздар азайса жакшы болмок" деген ойлорун калтырышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-mahabat-mavlyanova-mamlekettik-ipotekalyk-kompaniyany-kiresheden-180-mln-som-alat-alardy-zhojsok-ipoteka-2ga-arzandajt



Добавить комментарий