Депутат: “Өлкөдө лабораториялар көп ачылып кетти. Тилекке каршы, туура эмес анализдер да чыгып жатат

12 октября 2018 13:56 1176 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 12-октябрда КСДП  фракциясы саламаттыкты сактоо тутумун реформалоо, энени жана баланы коргоо жаатында көйгөйлөрдү чечүү багытында  өкмөттүн  ишин карашты.

Жыйындын жүрүшүндө депутат  Азамат Арапбаев саламаттыкты сактоо тармагындагы башкы көйгөй каржы маселеси болуп жаткандыгына токтолуп, тармактык министрликке орчундуу сунуштарын берди.

 “Өлкөдө лабораториялар көп ачылып кетти. Алар чыгарган анализге жараша дарылоо процесси жүрөт. Тилекке каршы, туура эмес анализдер да чыгып калууда. Андыктан, баардык лабораторияларды бир стандартка келтирүү керек”,- дейт ал.

Ал ортодо депутат Абдывахаб Нурбаев лабораториялардан туура эмес анализдерди чыгарып, оорубаган дартка эле дарыланган конкреттүү мисалдарды келтирип, буга министрлик тарабынан кандай чаралар көрүлүп жатканына кызыкты. Саламаттыкты сактоо министри лабораторияларды аккредитациялоодон өткөрүп туруу максаты коюлуп жаткандыгын маалымдады.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-lkd-laboratoriyalar-kp-achylyp-ketti-tilekke-karshy-tuura-emes-analizder-da-chygyp-zhatat



Добавить комментарий