Депутат Кытай туристтерин визасыз киргизүү керектигин айтты

4 октября 2018 14:41 2725 Barometr
Поделиться в:
ok

Парламентте кытайлык туристтерди кыргызстанга визасыз киргизүү сунушталды Мындай сунушту депутат Махабат Мавлянова киргизди.

« Кыргызстанда туризмдин потенциалы күчтүү, бирок биз анын он пайызын да колдонбойбуз. Орусия менен Казакстан 15 жылдан бери визасыз режим менен иштейт. Анда 40тай турист келсе, туркомпаниялар аларды өлкөнү кыдыртып, кайра чыгып кетишин камсыз кылат.  Көпчүлүк өлкөлөрдө туризм ИДПнын 30 пайызын түзөт. Кытайлык туристтер көп өлкөлөрдө ИДПнын басымдуу пайызын түзөт деген маалыматтар бар. Орусия менен Казакстан кытайлык туристтик топтор үчүн визасыз режим колдонушат. Туристтик компаниялар алардын өлкө аймагынан кайра чыгып кетүүсүнө жооптуу болот. Эмне үчүн биз муну аткара албайбыз? Миграция кызматы жана УКМК келген меймандар калып калышы мүмкүн деп коркуп жатат. Бирок, келген туристтердин кайра өз өлкөсүнө чыгып кетүүсүн камсыздашыбыз керек», -деди депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-kytaj-turistterin-vizasyz-kirgiz-kerektigin-ajtty



Добавить комментарий