Депутат Кыргызстандын ЕАЭБдеги өкүлдөрүнүн отчётун талап кылууда
Бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов ЕАЭБдеги Кыргызстандын өкүлдөрүнүн отчётун угууну талап кылды. Эл өкүлү тийиштүү кызматкерлер өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо боюнча кандай иштерди аткарганы тууралуу маалымат угууну зарылдыгын айтты.
“ЕАЭБге киргенден кийинки Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоодо кандай роль ойноп жатабыз? Москвада 29-30 киши иштеп жатат. Алар кандай иштерди жасашты? Кимдер өз ишин аткарбай жатканын жана кандай иштер жасалганын билүү үчүн атайын бир күн бөлүп, алардын отчётун угалы”,-деди депутат.
Сулаймановдун демилгеси Жогорку Кеңеште колдоого алынып, бул маселени жыйындардын биринде кароо чечими кабыл алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-kyrgyzstandyn-eaebdegi-kldrnn-otchyotun-talap-kyluuda
Добавить комментарий ×