Депутат өкмөттү “бала саткандардын башында депутат айым турат” деген маалыматка реакция кылууга чакырды

3 октября 2018 15:55 1515 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин жыйынында “өкмөттүк саат”угулуп жатат. Анда буга чейин айтылып келген  Жогорку Кеңештин соцкомитетинин төрайымы балдарды саткан делген маалымат боюнча маселе көтөрүлдү. Бул боюнча кандай чара көрүлуп жатканына депутат Кожобек Рыспаев кызыкты.

“Мына өзүңөргө белгилүү болгондой интернет булактарында ар кандай жалган маалыматтарды таратып жатышат. Жада калса Жогорку Кеңештин соцкомитетинин төрайымын балдарды саткан  врачтарды “крышуют” деп чыкты. Буга өкмөт реакция кылдыңарбы, далилдедиңерби? Азыр ар кимибизди ушинтип каралаганга макул болуп алышты. Тамеки чекпегенди тамеки четирет, намаз окуганды арак  ичирет, буга кандай реакция кылып жатасыңар өкмөт бир тараптан алып келбейсиңерби? Муну тизгиндебесе чектен чыкты. Буга кандай иш чара колдонулуп жатат. Же сөзсүз түрдө эле депутаттар көтөрүп чыгыш керекпи” –дейт эл өкүлү.

Белгилей кетсек, буга чейин бала сатуу бизнесин жогорку кызматта иштегендер калкалайт экен деген кеп тараган.  Мунун башындагы адам ЖКдагы КСДПнын депутаты Гүлкан Молдобекова экендиги айтылган.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-kmtt-bala-satkandardyn-bashynda-deputat-ajym-turat-degen-maalymatka-reakciya-kyluuga-chakyrdy



Добавить комментарий