Депутат: өкмөт суу сактагычтардын толбой калуу корунучу бар экенин билет

30 январь 2020 14:55 787 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жыл кургакчыл болот деген божомол бар. Бул тууралуу депутат Эрмамат Тагаев Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

 Депутаттын айтымында, ошондон улам, Токтогул ГЭС каскадындагы суу сактагычтар толбой, электр энергиясынын каатчылыгы болуп, баштагыдай лимиттер коюлуп, пландуу өчүрүүлөрдүн кайталануу корунучу бар. Өкмөт бул багытта тийиштүү алдыналуу чараларын көрүп, коңшу өлкөлөр менен кошумча арзан электр энергиясын импорттоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө башташы керек. 

«Өкмөт быйыл кургакчыл болорун, суу сактагычтардын толбой калуу корунучу бар экенин билет, бирок алар боюнча иштиктүү чаралардын көрүлүп жатканы байкалбайт. Мисалы, коңшу өлкөлөрдөн 1 млрд кВт/саат электр энергиясы импорттолсо, ал 1,5 млрд куб/метр суунун ордун жапмак. Өкмөт маселенин ошол жагын ойлонуп, азыртан тийиштүү чараларды көрүшү керек, ансыз калкыбыз кыйналып калат», - деп кошумчалады депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-kmt-suu-saktagychtardyn-tolboj-kaluu-korunuchu-bar-ekenin-bilet



Добавить комментарий