Депутат: кемчиликтерди айткан дарыгерлердин оозун жаптырган туура эмес

13 апреля 2020 12:08 4513 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева саламаттык сактоо тармагындагы учурдагы мүчүлүштүктөрдү айтып чыккан дарыгерлерди күч менен кечирим суратып жаткан УКМКнын өкүлдөрүнө кайрылды.

Депутат өз кайрылуусунда азыр дарыгерлерге үстөмдүк кылып жаткан укук коргоо органдары кийин бары бир ушул эле медицина кызматкерлеринин колуна түшүп кала турганын эскертти.

“Күлөм десең да, ыйлагың келе тургандай. УКМК алты миллион кыргызстандыктардын баарын (мыйзамсыз) кечирим сураттырып бүтмөйунчө, тынчышпайт окшойт. Ушундай оор кырдаалда иштеген доктурлар саламаттык сактоо системасындагы коррупцияны ачыкка чыгарып, кемчиликтерди айтса, алардын оозун жаптырган туура эмес. “Укук коргоо органдары аша чаап кеттиңер” деп парламенттен да айтып чыктым эле. Укмаксанга салышты байкелер.

Ар бир доктурдун ден соолугуна кооптонгон туугандары бар, тажашып “жумушуңду ташта” десе, коронавирус менен салгылашканы бийликтегилер чыкмак белек?! Аягы күчкө салып доктурларды кечирим сураткандар жакындарыңар менен бирге алардын колдоруна түшүп, жалдырап калбагыла», — деген пикирин депутат жазды.

Эске салсак, социалдык тармактарда бир нече дарыгер учурда болуп жаткан көрүнүш боюнча айрым кемчиликтерди айтып чыгышкан. Бирок бир-эки күндөн кийин алар кайтадан кайрылуу жасап, бардыгын эмоция менен айтып койгону үчүн элден кечирим сурашкан.

Интернет колдонуучулар саламаттык сактоо системасындагы азыркы коррупциялык абалды айтып чыккан дарыгерлерди кысым менен кайта кечирим суратып жатканын жазып чыгышты.

Ал ортодо дарыгерлердин көйгөйдү айтып, кайта кечирим сураган учурларын айрым вайнерлер шакаба кылып видео дагы тартышты. Учурда ал видеолор социалдык тармактарда тарап жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/deputat-kemchilikterdi-ajtkan-darygerlerdin-oozun-zhaptyrgan-tuura-emes



Добавить комментарий

  • Медицина кызматкерлерине болгон жабдууларды жана коргонуу чу кийимдер мененкаисыз кылуу керек.Андан тышкары зарплатасын кобойтуу зарыл.Врачтардан башка оорулуулардын жанына ким барып атат.Белоруссичдагыдай жумуш ордун таштап кетишсе кайжактан врачтарды алып келебиз.Алып келген куну да аябагандай чон акчага келишет,ошону ойлонолу.Оору жугузуп алгаг дарыгерлер акчанарга рахмат,аман калсак болду деп жатышыптыр.Журогун ооруйт.