Депутат: "Казакстанда эки эсе бензин арзан, бизге алып келүүгө кызыкдар болууда, а өкмөт менен министрлер олтурат кыймылдабай"
Казакстанда бензин арзан, ал эми Кыргызстанда эки эсе кымбат сатылууда. Эмне үчүн өкмөт жана экономика министри элдин кызыкчылыгын ойлоп, арзан бензинди алып келүүгө сүйлөшүүлөрдү жүргүзбөйт деди депутат Эльвира Сурабалдиева бүгүнкү 21-февралда парламенттеги жыйында.
Сурабалдиеванын айтымына караганда, Казакстан арзан баада Кыргызстанга бензинди сатууга кызыкдар. Ал эми биздин өкмөт жана ага тиешелүү мамлекеттик мекемелер жарым жылдан ашык убакытта бензинди алып келе албай жатышат.
Буга Экономика министри Олег Панкратов суйлөшуүлөр жүргүзүлгөндүгүн, документтер кол койгонго даяр экендигин билдирди. Казакстан тараптан келишимде күйүүчү майды ташып келүү боюнча айрым талаптар бар экендигин айтты. Ал эми ишке ашырууда КРнын Өнөр жай, Энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жооп берсин деди.
Депутат: "Кыскача айтыңызчы качан арзан бензин келет? Ушуга жооп бергилечи?"-деди.
Өнөр жай, Энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин орун басары Жыргалбек Сагынбаев сүйлөшуүлөр жүрүп жаткандыгын кошумчалады. Маселени чечүүгө аз калды дегенден башка жооп айта алган жок.
Добавить комментарий ×