Депутат Карамат Орозова: «Замир сен вице-премьерсиңби же Ноокаттын акимисиңби?»
Поделиться в:
Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова жаңы келген вице-премьер баштаганда эле ишин цемент заводтон баштап жатканын туура эмес деп билдирди. Бул тууралуу депутат кечээ, 9 октябрда, парламенттик комитеттин жыйынында билдирди.
Вице-премьер Замир Аскаров мурун Ноокат районунун акими болгонун жана ал кызматтан мына дал ушул цемент заводтун айынан Жантөрө Сатыбалдиев премьер-министр болуп турган убакта кеткенин эскерте кетти. Депутат вице-премьерди жаш кадр экен деп шайлашканын айтып, бирок ишти эл өкүлдөрү күткөндөй баштабай жатканына нааразы.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-karamat-orozova-zamir-sen-vice-premersibi-zhe-nookattyn-akimisibi
Добавить комментарий ×