Депутат Камчыбек Жолдошбаев “Дордой” менен “Мадина” базарындагы кытайлардан чочулады

29 января 2020 10:58 1560 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев парламенттин жалпы жыйынында Кытайдан чыккан коронавирус абдан тездик менен жайылып жатканын айтып, Кыргызстандыктардын ден соолугуна сарсанаа болду.

Депутаттын Кытай жарандары менен контакт көп болгон жерлерде коопсуздук чараларын күчөтүп, элди беткап кийип жүрүүгө чакырды.

“Чоң соода борборлорунда маска кийинсин да, элдин ден соолугу биз үчүн абдан кызык. Башкалардын бардыгы боло берсин, ушуну карап көрсөңүз”, — деп төрагага кайрылды.

Жолдошбаев андан сырткары “Дордой” менен “Мадинада” Кытайдын жарандары көп экенин, алар менен контакт болбошу үчүн өзүнчө иш чара караштыруу зарыл экенине токтолду.

“Вирус Россиядан, АКШдан, Франциядан, Түштүк Кореядан чыгып жатат. Күчтүү мамлекеттер вирус эмнеден чыкканын таппай жатат. Бизге окшогон кичинекей мамлекеттер өзүнчө жапа чегет”, — деди ал.

Эл өкүлү элдин саламаттыгы кандай экенин билүү үчүн, керек болсо саламаттык сактоо министрин чакырып, анын маалыматын угуу керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кытайдын Хубэй провинциясында чыккан коронавирустан акыркы маалыматтар боюнча 132 киши каза болуп, 9 миңден ашык кишиге жукту. Ал ортодо оорудан жакшы болуп ооруканадан чыккандары да жок эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-kamchybek-zholdoshbaev-dordoj-menen-madina-bazaryndagy-kytajlardan-sak-boluu-kerektigin-ajtty



Добавить комментарий