Депутат: ИИМде "крысалардын” баары отурса “Коопсуз шаар” долбоору 20 жылда да ишке ашпайт
Бүгүн, 16-октябрда КСДП фракциясынын депутаты Искендер Матираимов Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитеттин отурумунда ички иштер министрлиги менен финансы министрлигинде “крысалар” отурат андыктан “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашпайт деген пикирин билдирди.
“Коопсуз шаар” долбоору 7 жылдан бери ишке ашпай келет жатат. «Жолдордо адам өмүрүн алган кырсыктар болуп жатат. Бул качанкыга чейин уланат? Бүгүнкү күндө ИИМ менен финансы министрлигинде “крысалардын” баары отурат. Бул жүрүш менен бул долбоор 20 жылда да ишке ашпайт” -деди депутат.
Белгилей кетсек, буга чейин да депутаттар тарабынан “Коопсуз шаар” долбоору ушул күнгө чейин ишке ашпай жатканы сынга алынган.
Добавить комментарий ×