Депутат: 600 жетим бала турак жай алуу кезегинде турат. Алышабы же жокпу?
Президентке ыракмат, балдарга көңүл буруп, 2020-жылды балдарды колдоо жылы катары жарыялады. Бирок, бул багытта Өкмөттүн жүргүзгөн иши байкалбайт. Мен Өкмөткө, анын тийиштүү органдарына балдар үйүндө тарбыяланган балдардын көйгөйлүү маселелери боюнча көп жолу кайрылдым, эмдигиче жообу жок. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен дайындуу жоопту жана иштиктүү жумушту талап кылам. Бул тууралуу депутат Гүлшат Асылбаева Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.
«Ушу тапта балдар үйлөрүнөн тарбыяланып чыккан көптөгөн балдар көчөдө кароосуз калды, алардын же үстүндө үйү жок, же жарытылуу жумушу жок. Ал эми азыркы жашоо жагдайын менден жакшы билесиңер, алардын мындан аркы тагдыры кандай болот? Өкмөт дагы, анын тийиштүү органдары да үн катпайт. Ушу тапта 600 бала мыйзамдуу турак жайын алуу кезегинде турат. Алышабы же жокпу? Унчупай отура бербей, ошону ачык айтышы керек да», - деп кошумчалады депутат.
Добавить комментарий ×