Депутат Гүлшат Асылбаева казак диаспорасынын төрайымы болуп шайланды

20 августа 2018 21:40 1324 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева Кыргызстандагы казак диаспорасынын төрайымы болуп шайланды. Бул тууралуу  Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан barometr.kg сайтына билдиришти. 

Маалыматта айтылгандай, Кыргызстандагы казактардын ассоциациясы жетекчисин 19-август күнкү кезексиз съездде шайлашкан. Анда Гүлшат Асылбаева сөз сүйлөп, съездде колдоо көрсөткөндөргө ыраазылыгын билдирип, эки элдин биримдиги өтө маанилүү экендигин белгиледи. Ошондой эле келе жаткан Курман Айт майрамы менен дагы куттуктап өттү. 

Кыргызстандагы казактардын ассоциациясы Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын алдында иштейт. Ага буга чейин саясатчы Эркин Булекбаев төрагалык кылчу. Диаспорада жетекчилик эмне себептен алмашканы тууралуу маалымат берилген жок. 

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-glshat-asylbaeva-kazak-diasporasynyn-trajymy-bolup-shajlandy



Добавить комментарий