Депутат: "Фракциянын лидери алмашаарын ММКалардан окудум"

10 сентября 2019 17:14 698 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Кээ бир Жалпыга маалымдоо каражаттарында «Республика—Ата Журт» парламенттик фракциясынын лидери алмашканы тууралуу маалымат тарады. Болжолдуу маалыматтар боюнча, депутат Мирлан Жээнчороев фракцияга лидер болушу мүмкүн.

Ал эми Жээнчороев өзү лидерди алмаштыруу маселеси көтөрүлбөгөнүн айтып: «Фракциянын лидери алмашылат деген маалыматты ММКалардан окуп жатам. Регламент боюнча 28 депутаттын баарында аталган кызматка талапкер болуу укугу бар. Өткөндө ротация аркылуу алмашуу болгон. Бүгүн фракциянын отуруму өткөн жок. Күн тартибинде да мындай маселе каралган эмес», - деп билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-frakciyanyn-lideri-almashaaryn-mmkalardan-okudum



Добавить комментарий