Депутат Дүйшөн Төрөкулов УКМКга суракка кирди

2 декабря 2019 19:02 3074 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов УКМКга сурак берди. Бир-Болчу депутат бир катар маалымат каражаттарынын биргелешкен журналисттик иликтөөсүнүн алкагында суралганын УКМКнын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Төрөкулов бүгүн саат 14:00гө суракка кирген.

Эске салсак, социалдык тармактарда Дүйшөн Төрөкулов менен Түркияда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаитинин бирге түшкөн сүрөтү жарыяланган.

Эскете кетсек, бүгүн УКМКга чуулгандуу иликтөөнүн авторлорунун бири, “Азаттык медиасынын” журналисти Али Токтакунов чакырылган.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов, Төрөкулов, экс-депутат Ширин Айтматова, жарандык активисттер жана президенттин инаугурациясын уюштургандар Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев жана башкалар чакырылганы айтылууда.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 39-130-беренесинин 1-бөлүгү (Адам өлтүрүүгө аракет жасоо) боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган журналисттик иликтөөнүн материалдары боюнча сотко чейинки териштирүүлөрдүн алкагында, ведомстволор аралык тергөө тобу тарабынан тергөө иш-чаралары уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-djshn-trkulov-ukmkga-surakka-kirdi



Добавить комментарий