Депутат Данияр Төлөнөвдун пара алды деген агасынын жүрөгү кармап калды
Мамлекеттик миграция кызматынын маалымат-конкультативдик борборунун директору жана Кыргызстандын жарандарына чет жактан жумуш ордуларына квота берүүчү мамлекеттик комиссиянын башчысы Бахтияр Төлөновдун жүрөгү кармап калды. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы булак билдирди.
Төлөновду №1 СИЗОдон ооруканага алып кетишкен.
Эске салсак, ал ишкер айымдар акча талап кылды деп айыпталууда. Биринчи Май райондук соту аны 9-мартка чейин №1 СИЗОго камакка алууну өкүм кылган.
Алдын ала маалымат боюнча Төлөнов кыргызстандыктарды чет жакка жумушка орноштуруу менен алектенген фирмага лицензия берем деп пара алган. Бирок аны берген эмес. Бул окуядан кийин ишкер айым Финполго арыз менен кайрылган.
Төлөнов 9-январда Бишкектеги кафелердин биринде 800 доллар алып жаткан жеринен кармалган. Аталган факты боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталды.
Добавить комментарий ×