Депутат: Дача-Судагы учактын кыйрашы боюнча иш Атамбаевдин кысымы менен жабылган

17 апреля 2019 12:14 2399 Barometr
Поделиться в:
ok

 

“2019-жылдын 14-январында Дача-Судагы учактын кыйрашы боюнча кылмыш ишин иликтөө кайра жаңыланды, учурда сотко чейинки өндүрүш жүргүзүлүп жатат”,-деп билдирди бүгүн парламентте Башкы прокурор Өткүрбек Джамшитов Жогорку Кеңештин депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып.

Бул тууралуу маселени Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов көтөрүп чыкты. Ал кылмыш иши буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кысымы менен жабылган деп билдирди.

“39 адам каза тапты, анын ичинде төрт бала жана кош бойлуу аял бар. Ал жакта бир адамдын кызыкчылыгы иштеди”,-деп айтты Бактыбек Райымкулов.

Башкы прокурор буга тергөө көзөмөлдө экенин айтып жооп узатты.

 

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-dacha-sudagy-uchaktyn-kyjrashy-boyuncha-ish-atambaevdin-kysymy-menen-zhabylgan



Добавить комментарий