Депутат: Чөөлөр Мамлекеттик резиденциянын өзүнө чейин түшүп, ээн аралап жүрөт

7 марта 2019 14:00 1917 Barometr
Поделиться в:
ok

Ар атылган карышкыргы 6 миӊ сом, чөөгө 2 миӊ сом төлөнөт экен. Мамлекеттик органдар аӊчылардан ар кандай болбогон кагаздарды талап кылып жатып, чөөлөр таптакыр унутта калды. Азыркы учурда алардын саны дагы көбөйдү, алардын адамдар менен малга тиш салуусу да күчөдү. Чөөлөр айылга, алтургай, Мамлекеттик резиденциянын өзүнө чейин түшүп келип, ээн-эркин аралап жүрөт. Алардын улуганын өкмөт башчысы деле угуп жатса керек. Бул тууралуу депутат Алтынбек Сулайманов Жогорку Кеӊештин жыйынында билдиргенин парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

«Ар кандай бюрократиялык ашыкча тоскоолдуктардан улам, чөө аткан аӊчылар акчасын алалбай жүрөт, кызыкдар деле болбой калышыптыр. Аӊчылардын айтымында, азыр чөөлөрдүн саны 25 пайызга көбөйдү. Өткөн жылы 50 млн сомдук чыгым келтирди, ал эми Өкмөт аларды атууга 6 млн сом бөлгөн. Чөө өтө амалкөй жырткыч, аны атуу кыйын. Ошондуктан, тоскоолдуктарды жоюп, атууга бөлүнгөн каражатты көбөйтүп, атылган чөөнүн баасын карышкырга теӊөө керек», - деди депутат.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-chlr-mamlekettik-rezidenciyanyn-zn-chejin-tshp-een-aralap-zhrt



Добавить комментарий