Депутат: "Чек арада иштеген кызматкерлер чет тилдерин билүүсү жана сырттан келген конокторго "орой" мамиле кылбоосу керек"

28 ноября 2018 15:16 889 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Чек арада иштеген кызматкерлерге туристтерди кабыл алууда сылык мамиле кылуусун жана чет тилдерин билүү керектиги бүгүнкү жыйында депутаттар арасында айтылды. 

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов билдиргендей, былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл Кыргызстанга келген туристтердин агымы 15 пайызга көбөйгөн. Алар көбүнчө тоо туризмине кызыгып келишет. 

Чет элдиктер Кыргызстанга келгенде аэропорттон же көзөмөл өткөрүү пунктуларынан чек ара кызматкерлеринин орой мамилесине дагы туш болушат. Андыктан аларга сылык мамиле кылганды үйрөтүп койгула-деди депутат Жанар Акаев.

Ал эми депутат  Бакирдин Субанбеков терроризмди, экстремизмди айтып, мыйзам долбоорун колдобой койгонго болбойт. Аларды дагы караган коопсуздук мамлекеттик кызматтар бар-деп айтты. 

Эске салсак, бүгүн 28-ноябрда бир канча мыйзам долбоорлору каралып, талкууга алынып жатат. Виза боюнча мыйзам долбоору бир канча талаш-тартыштардан кийин биринчи окууда кабыл алынды. 


Ссылка: https://barometr.kg/deputat-chek-arada-ishtegen-kyzmatkerler-chet-tilderin-bils-zhana-syrttan-kelgen-konoktorgo-oroj-mamile-kylboosu-kerek



Добавить комментарий