Депутат бүгүн грек-рим күрөшү боюнча килем үстүнө чыгат

5 октябрь 2018 13:57 1368 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бүгүн 5-октябрда Орусиянын Пермь шаарында башталган грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына катышат.

Маалым болгондой, депутат 78 кг чейинкилер арасында күч сынашат. Муну  менен катар Дүйнө чемпионатына Кыргызстандык 4 спортчу катышат.

Икрамов  41 жаштан 45 жашка чейинкилер арасында 78 килограмм салмакта күч сынашат. Ал алгач квалификациялык беттеште түркиялык Ондер Озгул менен күч сынашат.

Белгилей кетсек, кечээ жакында эле мурдагы ички иштер министрлиги Мелис Турганбаев эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло медалды багындырган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-bgn-grek-rim-krsh-boyuncha-kilem-stn-chygat



Добавить комментарий