Депутат: Башкы дарыгерлер Канар аралдарында эс алып жүрүшөт
Бүгүнкү күндө башкы дарыгерлер Канар аралдарында эс алып жүрүшөт. Бул тууралуу депутат Максат Сабиров бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда айтты.
Анын айтымында Советтер союзу учурундагы дарыгерлер менен азыркы дарыгерди салыштырып көрсөк алар таптакыр башкача жана алар азыр Канар аралдарында эс алып жүрүшөт.
Сабиров баланын төрөлүшүнө 15 миң сомдон кем эмес акча кетээрин кошумчалады. "Баланын төрөлүшү бекер деп каяктагы жомокту айтып жатасыңар" - деп депутат саламаттыкты сактоо министри Мадамин Каратаевге кайрылды.
Ага кошумча депутат: "Силер орчундуу суроолорго тиешелүү мыйзам долбоорлорун алып келесиңер, парламент кабыл алат, бирок, өзүңөр ал мыйзамдарга баш ийбейсиңер" -деди.
Ссылка: https://barometr.kg/deputat-bashky-darygerler-kanar-araldarynda-es-alyp-zhrsht
Добавить комментарий ×