Депутат бардык банктар насыя алгандарга үч ай жеңилдик берүүсүн талап кылды

21 мая 2020 19:38 2288 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин 21-майдагы жыйыныда депутат Искендер Матраимов өкмөттү коммерциялык банктар насыяларды төлөө үчүн кандай жеңилдиктерди бере турганын түшүндүрүп берүүгө чакырды.

“Карантинден улам кишилер насыяларын төлөй албай жатат. Бул көйгөйдү кантип чечесиңер?” – деп ал суроо салды.

Вице-премьер Эркин Асрандиев Улуттук банктын чечиминин негизинде бардык банктар насыяларды төлөө боюнча үч айга чейин жеңилдик караганын айтты.

“Болгону 90 миң гана кардар мындай жеңилдикти алыптыр. Үч ай бою насыя төлөшпөйт. Бирок пайыздык коюмдары кала берет”, — деди Асрандиев.

Матраимов вице-премьердин берген жообуна ыраазы болгон жок.

“Пайыздар тууралуу айтканыңызды кандай түшүнсө болот? Элди адаштырып жатасыңар. Үч ай эч нерсе төлөбөйбү? Негизги сумманы үч айдан кийин төлөп баштайбы?” – деп суроо салып, түшүндүрүп берүүсүн талап кылды.

Асрандиев депутат менен макул болуп, банктар үч айга жеңилдик бергенин айтты.

“Эгер насыяны 12 айга алышса, жеңилдик алгандан кийин анын мөөнөтү 15 айга узарат”, — деди ал.

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-bardyk-banktar-nasyya-algandarga-ch-aj-zheildik-bersn-talap-kyldy



Добавить комментарий