Депутат Алиярбек Абжалиев Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынынын ачылышына келди
Поделиться в:
Бүгүн, 5-июлда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынынын ачылышына «Республика-Ата-Журт» фракциясынан депутат Алиярбек Абжалиев катышканын "Барометр" билдирет.
Буга чейин депутат Кыргызстандан чыгып кеткен.
2021-жылы март айында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Абжалиевге карата мыйзамсыз байлык топтоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.
Абжалиев июнь айынын соңунда өлкөгө кайтып келип 20 миллион сом мамлекетке кайтарып берген болчу.
Депутат экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы болуп саналат.
Добавить комментарий ×