Депутат Акыйкатчылыкка жалгыз талапкер айым Рита Карасартованы шайлоону суранды
Депутат Карамат Орозова Жогорку Кеӊеште КРнын Акыйкатчысын шайлоо жөнүндө маселе каралып жаткан учурда акыйкатчыга талапкер мырзаларга жалгыз айым Рита Карасартованы эле акыйкатчы кылып шайлоону суранды.
"Акыйкатчыга укугун коргогондор, акыйкат издегендер, ыйлап сыктагандар барат мындайга күйүмдүү боорукер мээримдүү акыйкат чечим кабыл алганга духу бар адамдар керек. Мындай сапат аял кишиде болот андыктан ушул кызыбызды эле колдоп койбойлубу” деди депутат.
Ал эми талапкерлер Карамат Орозованын бул сунушуна макул болушкан жок.
Белгилей кетсек, бүгүн КР нын Акыйкатчысы шайланат. Ага КСДП фракциясы Токон Мамытовдун талапкерлигин, «Бир Бол» фракциясы 3 талапкерди – Маматурайим Момуновду, Рита Карасартованы, Рыскул Бактыбаевди, «Ата Мекен» фракциясы Канат Азиздин талапкерлигин сунуштаган. Ал эми «Бир Бол» фракциясынан көрсөтүлүп жаткан Маматурайим Момунов талапкерлигин алып салды.
Добавить комментарий ×