Депутат Аида Касымалиева журналисттик иликтөөлөрдү колдоп чыкты

8 май 2019 12:04 1286 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева бүгүн парламентте журналисттик иликтөөнү колдоп чыкты.

Депутат ишкер Жалиль Атамбаев кечээ “Азаттыктын” журналисти Ыдырыс Исаковго карата 50 млн сомдук доо арызын кайтары алганын эскертти.

Анын айтымында, коомчулукта учурда “журналисттер азыр ушак-айың менен кара пиарды жарыялоо менен алектенип жатат” деген пикир бар. Бирок депутат так  эмес маалыматты журналисттик иликтөөдөн айырмалоо керектигин айтып өттү.

Депутат демократия бул сөз эркиндигинин негизи экенин билдирди, ал эми сөз эркиндиги жок артка кетебиз.

“Ыдырыс Исаков ачык булактардан алып иликтөө жасаган”,-деп айтты Касымалиева.

 

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-aida-kasymalieva-zhurnalisttik-iliktlrd-koldop-chykty



Добавить комментарий