Депутат 4 миң сомдук акылдуу эсептегичтер Жалал-Абадда 14 миңден сатылып жатканын айтып жинденди
Бөлүшүү:
Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров Жалал-Абаддын электр тармагынын жетекчиси иштебей жатканын парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Эл өкүлүнүн айтымында, Жалал-Абадда акылдуу эсептегичтер боюнча көйгөй өтө эле көп.
"Жалал-Абадда мындай эсептегичтер бир эле жерде сатылат, баасы 14 миң сом. Ишкерлер өздөрү 3,5 – 4 миң сомго алып келсе, "бул экспертизадан өткөн жок" деп элди бир гана жерден сатып алгыла деп жөнөтүшөт экен. Жаңы келген жетекчинин бул боюнча иши жок. Негизи бул өкмөттүн иши, өкмөт коюп бериши керек эле", — деди депутат.
Масабиров өкмөттүн өкүлүнө кайрылып, ушул кезге чейин канча акылдуу эсептегич сатып алынганы боюнча маалымат берүүсүн өтүндү.
Добавить комментарий ×