Дени сак улут: Кеминде балдар аянтчасы жана кичи футбол аянты курулду
Санариптештирүү, Региондорду өнүктүрүү жана балдарды коргоо жылынын алкагында жаштарды сергек жашоого үндөө максатында, Кемин шаарында пайдаланылбай жаткан жер тилкесине балдар аянтчасы жана кичи футбол аянтчасы курулду.
Долбоор Кубатбек Мамыров жетектеген Кемин шаардык Кеңешинин иш-аракеттеринин жана Чүй Аймактык Өнүктүрүү Фондунун каржылоосунун натыйжасында ийгиликтүү ишке ашырылды. Кемин шаардык мэриясынын аракети менен жер тилкеси жеке адамдар тарабынан куткарылып, жер калктын кызыкчылыгы үчүн пайдаланылган.
12-сентябрда спорт комплексинин ачылыш аземинде эки боз үй тигилди. Иш-чарада Кеминдин аксакалдары: "Жаштар жөн эле көчөдө тентип жүрбөстөн, сергек жашоо образына умтулуулары керек. Дени сак улут өнүккөн өлкө. Жаштар спорт менен машыгышсын", - деген каалоо-тилектерин айтышты.
Ссылка: https://barometr.kg/deni-sak-ulut-keminde-baldar-ayantchasy-zhana-kichi-futbol-ayanty-kuruldu
Добавить комментарий ×