Денедеги кызыл меңдер кандай көйгөйдү билдириши мүмкүн? Адистин жообу

3 февраля 2021 16:51 1675 Barometr
Поделиться в:
ok

Дерматологдор денедеги кызыл меңдер боордогу көйгөйлөрдү билдириши мүмкүн экенин айтышат. Бул тууралуу “Барометр” пайдалуу кеңештердин топтомун сунуштайт.

Адистердин айтымында, адамдар көбүнчө аларды башка кызыл тактар менен чаташтырышат, бул кан тамыр ооруларына, ошондой эле аллергиялык көрүнүштөргө байланыштуу болушу мүмкүн. Биз кеп кыла турган кызыл мең териден бир аз көтөрүлүп, колго илешип турат.

"Көңүл бурушубуз керек болгон эң биринчи себеп, албетте, боордо көйгөйлөрдүн пайда болушу.  Эгерде бооруңузда оорунун белгилери башталса, териде жогоруда айткандай кызыл меңдер пайда боло баштаса токтоосуз дарыгерге кайрылыш керек", - дешет дарыгерлер.

Дерматологдор бул көйгөй вирустук инфекциялардан да келип чыгышы мүмкүн экендигин айтты.

"Үчүнчү жагдай, антидепрессанттар, гормоналдык дары сыяктуу дары-дармектерди ичүү себеп болот. Эгерде буга тышкы жүк кошулса, анда боордун иштөөсү начарлайт", - деп эсептейт дерматолог.

Ошондой эле, врач менен кеңешкенден кийин кызыл меңдерди кетирүү үчүн лазердик хирургияга кайрылууга кеңеш беришет адистер.

Ссылка: https://barometr.kg/denedegi-kyzyl-meder-kandaj-kjgjd-bildirishi-mmkn-adistin-zhoobu



Добавить комментарий