Дене мүчөсүн өзгөрткөн чет элдик атактуулар

29 января 2019 12:07 2060 Barometr
Поделиться в:
ok

Учурда көптөгөн атактуулар дене мүчөсүн өзгөрткөнү коомчулукка таң калыштуу деле окуя болбой калган. Алар көпчүлүк учурда көкүрөгүн, жамбашын же бутун өзгөртөт.

Өзгөчө Голливуд актрисасы Дженнифер Лопес менен Ким Кардашьяндын жамбашына пластикалык операция жасатканы айтылып келет. 

Мисалга, Дженнифер Лопестин пиарщиктери алгач аны Паффом Дэдди менен сүйүшүп, күйүшүп жүрөт деп ушак чыгарса. Кийин анын жамбашына асыла башташкан. Лопестин жамбашына имплант коюлган деген ушак кептер тараган. Ал ортодо айрым фанаттар актрисанын дене түзүлүшү табиятынан ошондой деп айтып келишет. Ага далил катары Дженнифер Лопес спорт менен такай машыгып келгени себеп кылышат. Ошондой эле, ал ар дайым бий менен машыгып, бир ордунда отурбайт деп белгилешет Дженнифер Лопестин айрым күйөмандары.

Муну менен бирге Дженнифердин коллегасы Ким дагы жамбашын жасаткан деп болжолдошуп келет. Анткени, анын жамбашы мурун анча деле чоң болбогонун айтышат. Айрым эксперттер болсо, Кардашьяндын жамбашы төрөгөндөн кийин өзгөрдү деп айтышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/dene-mchsn-zgrtkn-chet-eldik-ataktuular



Добавить комментарий