Ден соолукту чыңдоонун жөнөкөй сыры айтылды

22 апреля 2022 10:10 3435 Barometr
Поделиться в:
ok

Пенсильвания штатынын университетинин окумуштуулары грек жаңгагы  ашказандагы пайдалуу бактерияларды көбөйүшүн шарттай турганын аныкташты. Өз кезегенди ал бактерия жүрөк үчүн да пайдалуу экенин MedicalXpress басылмасы жазды.

Изилдөөгө ашыкча салмактан жабыркаган 42 киши катышкан.

Эксперимент башталардан эки жума мурун катышуучулар тез татым жайларынын майлуу, куурулган тамактарын ичишкен. Андан кийин аларды үч топко бөлүп, тамактануунун башка түрүн сунушташкан.

Бир топтун жеген тамагына грек жаңгагын кошушкан.

Ыктыярчылар алты жума бою дарыгерлердин көзөмөлүндө болушкан. Изилдөөчүлөр майлуу тамак ичип жүргөн учур менен эксперимент учурунда ашказандагы бактерияларды алып салыштырышкан. Жыйынтыгында грек жаңгагы ашказандын ички чел кабыгын сактай турчу Roseburia бактериясын көбөйкөнү белгилүү болгон. Андан сырткары кан айлануу жакшырып, кан басымды бир төмөндөтө турчу бактериялар дагы көбөйгөн. Ошону менен бирге холестериндин да көлөмү азайган.

Ссылка: https://barometr.kg/den-sooluktu-chydoonun-zhnkj-syry-ajtyldy



Добавить комментарий