ЖЭБ эми абаны анчалык булгабайт

23 ноябрь 2018 15:30 1124 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаарынын тургундарын ойлондурган маселелердин бири жылуулук  борбору  тарабынан  абаны  булгаганышы болуп келген. Адистердин айтымында мындай көрүнүштөр   дээрлик   кыскартылды.   Ишкананын экология боюнча  адиси Анжелина  Жданованын  айтуусунда, өткөн  жылы  ЖЭБди  модерназиялоонун  аркасында  түтүн чыга турган түтүктөргө   заманбап  чыпкалоочу  жабдыктар орнотулган.  Чыпкалоочтор  уулуу  химиялык  заттарды  абага  чыгарбайт  жана  бүгүнкү күндө  жылуулук борбордун  айланасында  булгануулар  нормадан  ашпагандыгын  көрсөтүп турат.

Анжелина  Жданованын: “Былтыры  жылуулук борбору  модернизацияланып, анын  алкагында  кытай  блогунда  тазалоочу  жай  ишке  киргизилген. Ал  жерде  чыпкалоочтор  түтүнду  99,9 пайыз  тазалайт.  Күкүрт  96,6 пайызга  чейин жок кылынат. Бул албетте мурдагы, эски  станцияга караганда  жакшы эмеспи.  Алар учурда иштеп жатат жана  сиздер  түтүктөн  чыккан түтүндү  көрбөйсүңөр. Себеби  чыпкалоочтор  таза  тазалайт. Союз мезгилинде  мындан көп  эсе  от жагылып келген. Бүгүнкү күндө ишкана  өзүнө  уруксат берилген  чечимдин негизинде иштеп жатат.  Азыркы учурда  ЖЭБ тарабынан шаардагы  абаны булгаган  көрүнүштөр жокко эсе, атмосферага  терс таасирин  тийгизе турган  заттардын  нормадан  ашпагандыгын  көрүүгө  болот” – деп маалмат булактарына маалымат таратты.

Ссылка: https://barometr.kg/den-soolukta-zhashash-chn-taza-aba-kerek



Добавить комментарий